Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аялдар жана балдар үчүн ишеним телефонун түздү
9 Фев 2022
, 8:05
1935
www
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялдарга жана балдарга зарыл болгон укуктук, консулдук жана башка бардык жардамдарды көрсөтүү максатында элчинин ишеним телефонун түздү. Маалыматка ылайык, Орусияда жүрүп, укугу бузулган аялдар жана балдар элчинин төмөндө көрсөтүлгөн ишеним телефону аркылуу күнү-түнү байланышка чыкса болот. +7 (996) 665 - 76 - 88 Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу билдирүүлөр кабыл алынат.