УКМК: Бишкек мэриясында коррупциялык схема аныкталды
Новость www

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарынын мэриясы менен мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. “Бишкек жашыл чарба” МИнин башкы бухгалтери нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында документтерди системалуу түрдө жасалмалап, бюджетке 800 миң сом зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, шектүү кызматкер күнөөсүн толук мойнуна алып, зыянды ордуна келтирди. Ишти сотко өткөрүүгө тергөө жүрүп жатат.