Кыргызстан менен Кытай 30 жыл ичинде өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине чыкты
Новость www

Кыргызстан менен Кытай 30 жыл ичинде өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине чыкты. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында CGTN эл аралык медиакорпорациясына берген эксклюзивдүү маегинде белгиледи. Мамлекет башчы интервьюсунда эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө, келечегине, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагындагы кызматташтыкка кенен токтолгон. Ошондой эле, өзү катышып жаткан Олимпиада оюндарынын даярдыгына баа берди.