Мамлекет башчысынын атын жамынып, көз боёмочулук жана акча талап кылган учурлар көбөйдү
Новость www

Урматтуу кыргызстандыктар акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР Президентинин  катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат.

Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат. Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз.