Мамлекеттик ишмер Эмилбек Абакиров акыркы сапарга узатылды
Новость

Көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Абакиров акыркы сапарга узатылды. Маркум менен коштошуу зыйнатына белгилүү коомдук, саясий ишмерлер жана жакындары катышты. 

Эмилбек Абакиров 1929-жылы 18-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кудук айылында туулган. Ал профсоюздук кыймылдын көрүнүктүү ишмери катары элдин эсинде калды. Төрт жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ал өзүнүн мол тажрыйбасы, терең билими, чечкиндүүлүгү, бийик моралдык-этикалык принциптери менен татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Үзүрлүү эмгегинин аркасында бир катар сыйлыктарга татыган. Эмилбек Абакиров 92 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.