Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат. 

Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына  барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат. Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.