Мадумаров кол койгон протокол олуттуу көйгөй жаратууда
Новость www

Баткен облусундагы "Төрт көчө" маселеси, ижарага алынган 275 метр жер, талаштуу протокол тууралуу жергиликтүү тургундар кайрылуу жолдоду. Алар аталган протоколго кол койгон Коопсуздук Кеңешинин ошол учурдагы катчысы жоопкерчиликке тартылуусу керек экендигин өтүнүшкөн. Кайрылуу социалдык медиага жарыяланып, президентке жолдонгон.