Бишкекте 13 мектепте коронавирус аныкталып, окуучулар аралыктан окутууга өттү
Новость www

Бишкекте 13 мектепте коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18 жана №6 мектептерде коронавирус табылып, Санэпидкөзөмөл борборунун нускамасы менен аталган окуу жайлар аралыктан окутууга өттү. Ошондой эле №135 мектепке чейинки билим берүү уюму дагы жабылып, №144 бала бакчада бир тайпа жабылды.