"Кумтөр": Жергиликтүү адистер ишке алынууда
Новость www

Кенге сырткы башкаруу киргени эч кандай кадрдык кыскартуулар орун алган жок. Тек гана айлыгы жогору болгон канадалык, малайзиялык, филиппиндик адистер жумуштан алынган. Бирок алардын ордуна 200 жергиликтүү адисти жумушка алууга шарт түзүлгөн. 

Андан тышкары өткөн жылы жергиликтүү окуу жайлардын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү акы төлөнүүчү стажировкага алынган. 

Учурда 91 стажёр иштеп жатат, анын ичинен мыкты жөндөмүн көрсөткөндөрү штатка алынууда. 

Быйыл болсо, дагы 100 жаш адисти стажировкага алып, туруктуу кадрлар резервин камсыздоо мерчемделүүдө.