ӨКМ: Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды
Новость www

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан жабылып калган эшиктерди ачуу боюнча 4 жумуш аткарылган.