Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү
Новость www

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө финансы-экономикалык секторундагы актуалдуу маселелер, анын ичинде бажы жана салык төлөмдөрүнүн түшүүсү, артыкчылыктуу багыттарды каржылоо жана республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.