Талас шаарынын бюджети ушул жылы 10 пайыздан кем эмес өсүү алдында турат. Бул тууралуу шаар мэри Аскар Шабданов билдирди. Айтымында, былтыр шаардын казынасы 153 миллион сомду түзсө, быйыл аны 170 миллион сомго жеткирүү милдети коюлду.
Быйылкы жылдын эсебинен жолдорду оңдоо, эс алуу жайларын, мектептерди куруу мерчемделүүдө. Эсептөөлөргө ылайык, бул көрсөткүчтөргө инвестиция тартуу жана буга чейинки макулдашуулардын эсебинен жетишүүгө болот.
“Талас шаары дотациядан чыктык. Алдыда облусту өнүктүрүү боюнча пландар көп. Өндүрүшту өнүктүрүу боюнча 1500 орунду кийим-тигүүчү фабрика ишке киргени жатат. Орун бардыгы даяр болду. Катар фонду менен орус тилдүү мектептерди куруу да каралууда. Биз жер беребиз, калганын фонд камсыздайт”,- деди Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов.