ЖККУнун онлайн жыйыны: мамлекет башчылары Казакстандагы окуяларга баа беришти
Новость KTRK/videograp

ЖККУнун алгачкы “бейпилдик орнотуу миссиясы” ийгиликтүү ишке ашырылды. Уюмдун онлайн жыйынына катышкан мамлекеттердин башчылары Казакстандагы окуяларга баа беришти. 

Ага Кыргызстандан Президенттин тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, коңшу өлкөгө колдоо көрсөттү. Ошол эле учурда башаламандыктарга тиешеси бар делген кыргыз жарандары тууралуу акыйкат иликтөөгө чакырды.