31-декабрда 681 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 29 мас айдоочу кармалды
Новость www

Жол кырсыктарын жана жол эрежесин бузуунун алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактарында Жол кайгуул кызматы рейддерди өткөрүп жатат. 31-декабрда 681 жол эрежесин бузуу катталып, алардын ичинен 29 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатканы аныкталган. 

Жол коопсуздугун камсыдаган кызматкерлер 21-декабрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Жарандарга эс алуу күндөрү шарт түзүп берүү максатында алар күнү-түнү кызматта. Экипаждын бири эреже бузган унааны токтотуп, айдоочулук күбөлүгү жок экени белгилүү болду.