Бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды
Новость www

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.