Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачылат
Новость www

Келерки жылы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачылат. Алдыга коюлган мерчемдер туурасында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. 

Анын айтымында, учурда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2 жарым миң гектар гана айдоо аянты камтылган. Сугаруунун мындай ыкмасына суроо-талап жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошондуктан тамчылатып сугаруу жабдыктарын өндүрүү үчүн балким мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатат", - деди министр. Ал ошондой эле "Айыл Банк" фермерлерге скважиналарды оңдоп-түзөө жана техника сатып алуу үчүн лизинг берип жатканын белгиледи.