30-августта Бишкекте Кытай элчилигинде жардыруу жасаган жанкечтинин жана аны уюштургандардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оперативдүү иш-чаралардын негизинде, терактты буйрутма кылган адам Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 1971-жылы туулган тургуну Сиражиддин Мухтаров экени белгилүү болду. Учурда ал Сирияда согушуп жаткан уйгур террордук тобунун курамында жүрөт. POST1RIGHT
Мухтаров террордук актыны ишке ашыруу милдетин азыр Түркияда жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Бурханидин Жантөрөевди жалдаган. Учурда бул кылмышка шектелген дагы бир нече террордук уюмдардын мүчөлөрү кармалып, дагы беш адамга эл аралык издөө жарыяланды.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118