Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл – тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланды. Мындай чечимди бекемдеген резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынды. 2022-жылды "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоо демилгесин Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрдагы 76-сессиясынын жалпы дебатында жарыялаган. Бул 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген.
Кыргызстандын аймагынын 90%ын тоолор ээлейт. Алар орточо деңиз деңгээлинен 2 750 метр бийиктикте жайгашкан. Быйыл Президент Садыр Жапаров БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө кеңешмесиндеги видео кайрылууда 2022-жылды тоолор жылы деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.
Токтом долбоорун кароонун алдында кыргыз тарапка аны тааныштыруу үчүн сөз берилди. Максат - тоолорду өнүктүрүүнүн маанилүү экенин коомчулукка жеткирүү жана тоо экосистемасын сактоо.
Бул быйыл Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт...” деп аталган биринчи резолюция, ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын алкагында 23-ноябрда “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөөнү күчөтүү” резолюциясы кабыл алынган.
2002-жыл Кыргызстандын сунушу боюнча дүйнөдө эл аралык тоо жылы болуп жарыяланган.