Калкка жеткиликтүү маалымат берүү багытындагы эл аралык долбоор ишин жыйынтыктады
Новость www

Алыскы аймактарда эл менен бийлик ортосундагы маалыматты убагында камсыздоо багытындагы эл аралык долбоор ишин жыйынтыктады. Анда коомдук кеңештин өкүлдөрү тиешелүү министрлер жана жергиликтүү бийлик биригип, социалдык, экономикалык багыттагы бардык маалыматтарды калкка убагында туура жеткирүү боюнча иш алып барышты. Долбоорго катышкандар анын ыңгайлуу экенин айтышат.

“Ачык коомчулук - ачык маалымат каражаттары” программасынын алкагында элет жериндеги жарандар бир катар пайдалуу кенештерди алышты. Долбоордун максаты - жергиликтүү тургундардын сөз эркиндиги менен өз пикирин билдирүүсүн ачыктоо, алардын укуктарын коргоо. Муну менен жарандага тиешелүү болгон документ иштерин толуктоо, социалдык муктаждыктар боюнча маалыматтар убагында жетип турду.