Президент ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды
Новость president.kg

Бүгүн, Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев менен  Николай Бордюжа эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге биргелешип каршы туруу пландарын, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөр аспектилерин  талкуулашты.

Кыргызстанга сапарынын алкагында  ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун урматына Эстеликтин ачылуу аземине катышат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118