Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы Бордюжа келет
Новость

Бүгүн Кыргызстанга Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин Уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа келет. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мындай сапарды Бордюжа ЖККУга мүчө өлкөлөрдү кыдырып Тышкы иштер жана Коопсуздук министрликтеринин жана ЖККУнун коопсуздук боюнча комитетинин катчыларынын 13-14-октябрда Ереванда өтө турган жыйынына даярдык көрүү үчүн жасап жатат. 

"Иш-сапардын алкагында Бордюжа Президент Алмазбек Атамбаев, башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен жолугат", - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, ЖККУнун Башкы катчысы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Муну менен катар 1916-жылы каза болгондор үчүн тургузулган мемориалдын ачылышына да күбө болот.