Бүгүн өлкө эгемендүүлүгүнүн майрамдык иш чараларына 3 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипке көзөмөл салышат. Өлкөнүн Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин майрамга карата даярдыктан өтүшкөн.
Ошондой эле бүгүн Ички иштер министрлигинин, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, Ички иштер башкармалыгынын жана райондук милиция органдарынын тартип сакчылары күчөтүлгөн нөөмөттө иш алып барышат.
Оюн-зоок, концерттик программалар өткөн, эл көп чогулган жерлерде адаттагыдай эле темир тосмолор коюлат. Элдердин кирип чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118