Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган Шавкат Мирзиёев кызматына киришти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат кызматынын Telegram-каналы жазды.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин эки айдан кеч эмес убакытта парламентте ант берип кызматына киришет.
Өзбекстандагы президенттик шайлоо 24-октябрда өтүп, Шавкат Мирзиёев элдин добушунун 80,12 пайызын алып жеңип чыккан.