Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту
Новость Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

Саммит алкагында Мамлекет башчысы француз кесиптеши менен жеке таанышуусу орун алып, анын жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги акуталдуу өңүттөр боюнча пикир алмашуу болду.