Травматолог-ортопеддердин V Евразиялык конгресси өттү
Новость

Улуттук биринчи профессор Сатынды Кожакматовдун 80 жылдыгына арналган травматолог-ортопеддердин 5-Евразиялык Конгресси жана Кыргызстандын травматолог-ортопеддеринин 3-съезди 26-28-август күндөрү Көл жээгинде өттү. 

Иш-чарага Иран, Түштүк Корея, Германия, Азербайжан, Россия, Түркия, Украина сыяктуу 20дан ашуун алыскы жана жакынкы мамлкеттердин алдыңкы дарыгерлери катышып, бул тармактын келечеги, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулашты.