Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, Бишкек шаарында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери үчүн курулуп бүткөн, көп батирлүү турак үйдү ачуу аземине катышты.
Өз сөзүндө Мамлекет башчысы аскер кызматчыларын жаңы конушу менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендик күнүнүн алдында болуп жаткан бул жөрөлгө жаңы батирлердин ээлери сыяктуу эле өлкө Президенти үчүн да кубанычтуу окуя экендигин айтты. Журт башына кыйынчылык түшкөндө колуна курал алып, эл-жерди коргой турган, тынчтык мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жаткан мекен сакчыларына камкордук көрүүгө - мамлекет милдеттүү экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, кийинки 2 жылдын ичинде миңден ашуун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү дагы батирлүү болушкан. Президент бул иш токтобой мындан ары да улана берээрин, анткени биз өз аскерибизге, күч структураларына камкордук көрүшүбүз керек экенин айтты. Алмазбек Атамбаев аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын, ал эми Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиевге үйдүн алдында балдар ойноочу аянтты куруу үчүн 300 000 сомдук сертификатты тапшырды.