Эгемендүүлүктү алганыбызга 25 жыл толду
Новость

Быйыл 2016-жылы эгемендүүлүктү алганыбызга 25 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында өлкөбүз эркиндикке жеткен суверендүү эл катары, дүйнө коомчулугунда өз ордун тапты. Бирок көз карандысыздыкты алган жылдары өлкө оор күндөрдү башынан өткөрдү. 

90-жылдарда, ошол кездеги президент Аскар Акаев башына турган бийлик жана анын командасы мунун баарын базар экономикасынын жолуна кое албагандыгын тарых көрсөттү. 

Бийликтин өлкөнү пландуу экономикадан базар экономикасына өткөрүү тууралуу программасынын терс жыйынтыктарын бериши жана Акаевдин союздан калган ишканаларды улутташтыруу аракети олуттуу ката болгон дейт талдоочулар. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"