Жогорку Кеңештен орун албай калган талапкерлер шайлоо учурунда бергендерин кайра артка алып жатканын жашырбай эле айтууда. Себеби, шайлоочулар тандоо күнү добуштарын башкага сатылып кеткен.
POST1RIGHT
Ал эми, Жогорку Сот "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган 15-январдагы Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.
Белгилей кетсек борбордук шайлоо комитети 11-январда бул эки депутаттын парламенттеги ишмердүүлүгүн токтоткон. Андан мурдараак "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев бул эки депутат мандаттан өздөрү баш тарткандыгы боюнча арыз жазганын айтып, 22-декабрда өткөн фракция жыйынында алардын өтүнүчү канааттандырылганын билдирген.
Жарандар болсо убагында кулак сүйүнткөн убадалардын көпчүлүгү аткарылбай калганын айтат. Алардын арасында парламентке өткөнү да бар, өтпөгөнү да бар. Кененирээк Мээрим Бакир кызынын материалында: