Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай айыл аймагында кечээ Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өтүп, анда тараптар Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакта түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.
Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө чек ара кызматынын Ала-Бука району боюнча өкүлү Бактыбек Жангазиев катышты. Кыргыз тарап анда Өзбекстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери такталбаган аймакка эмнеге киргизилгени боюнча түшүндүрмө талап кылып, тез аранын ичинде алардын тоодон чыгып кетишин белгиледи.
Өзбек тарап болсо, Кыргызстандын аймагында кармалган Өзбекстандын ички иштер министрлигинин кызматкерин өткөрүп берүүнү талап кылган. Ошондой эле, коңшу өлкөнүн өкүлү Орто-Токой суу сактагычындагы Кыргызстандын милиция бөлүмчөлөрүн алып салуу талабын да койгон. Эки тарап бул талаптарды тиешелүү кызматтарга берип, маселелерди буга ыйгарым укуктуу органдар чечсин деген келишимге келишти. Учурда кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу, мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.