POST1RIGHTӨзгөн күрүчүнүн эки гана сорту эч тоскоолдуксуз ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн соода рыногуна чыга алат. Буга негиз: 2011-жылы Славенияда “дүйнөлүк стандартка жооп берет”,- деп, Өзгөн күрүчүнүн эки сорту: “Ак урук” менен “Кара кылтырык” сорттору табылган.
Өткөн жылы болсо, күрүчтүн бул эки сорту - республиканын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин Мамлекеттик реестрине киргизилди. Азыркы тапта, тандалып алынган бул күрүчтөрдүн үрөнүн жайылтуу аракеттери жүрүп жатат.