Үңкүр-Тоодо абал тынч
Новость

 POST1RIGHTЖалал-Абад облусундагы, Үңкүр-Тоодогу кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган аймагына, Өзбекстандын милиция кызматкерлери кирип келгенин, өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматы кабарлоодо. 

Өзбекстандын күч кызматкерлери бүгүн, эртең мененки саат тогуздар чамасында МИ-8 тик учагы менен келип түшкөн. Коңшу өлкөнүн мындай аракеттеринин себеби учурда такталууда.

Бул арада президент Алмазбек Атамбаев жумушчу кеңешме өткөрүп, бүгүн чек ара кызматын чыңдоо жана чек ара маселелерин чечүү багытында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы менен Коргоо кеңеши, ошондой эле башка мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу баяндамаларды укту. Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринен, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнүн чек арасын бекемдөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну, чек ара маселелерин жөнгө салуу ишинде пайда болгон маселелерди, биринчи кезекте, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүүнү талап кылды.