Германияда акысыз дарыланган 4 бала кайтып келди
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанга кечээ Германиядан акысыз дарыланып, саламаттыгын чыңдаган 4 бала кайтып келди. Бул балдар аламаттыкты сактоо министрлиги менен "Ден соолукка карай бирге" коомдук фондунун ортосундагы атайын келишимге ылайык дарылоодон өтүштү. 

Маалым болгондой, 2013-жылдан бери Friedensdorf International немис фондунун колдоосу менен Германияда оперативдүү дарылануу курсунан өтүү боюнча кыргызстандык 26 бала расмий кат алышкан. 

Алар негизинен сөөк-булчуң эттеринин оорусу, жаак-бет патологиясы, күйүктүн кесепетинен, жүрөк оорулары жана Кыргызстанда айыктырууга мүмкүн болбогон башка оорулардан жабыркагандар болду. 

Фонддун координатору билдиргендей, бүгүнкү күндө Германияда 7 бала дарыланууда, калган 19 бала ийгиликтүү дарыланып, өлкөгө кайтып келишти.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118