Өзбек тараптын демилгеси менен Өзбекстандын көз карандысыздык күнүнө карата даярдыктарына байланыштуу бүгүнтөн тартып кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө көзөмөл-бөлүмдөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Ага ылайык, кирип чыгуу токтотулат. Бирок Кыргызстан жана Өзбекстандын үйүнө кайтып келаткан жарандары, кыргыз-өзбек чек арасынан эч тоскоолдуксуз өтө алышат.
Ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары, дипломатиялык корпустун кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн өтүшү атайын белгиленген тартипте жүргүзүлөт.