Президент УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды
Новость

Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, террористтик жана экстремисттик аракеттердин алдын-алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан бирдиктүү иштер тууралуу маалымат алды. 

Абдил Сегизбаев, терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана жакында өтө турган эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ишери тууралуу маалымат берди.