Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна болгон эки күндүк иш-сапары бүгүн жыйынтыкталды. Жумушчу сапардын алкагында ал Кара-Суу районундагы Барак эксклавынан көчүп келген «Беш-Үй» айылынын тургундары менен жолугушуп, жаңы конушту көрүп чыкты 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылында да болуп, курулуп жаткан үйлөрдүн сапатын көзөмөлдөп чыкты.
Ошондой эле бир нече инфраструктуралык жана социалдык обьектилердин курулушунан да кабар алды.