Унаа салыгын төлөбөгөндөрдүн саны арбын
Новость

POST1RIGHTКара-Суу районунун Салык кызматы унаа ээлерине, мурда төлөнбөгөн салыктарды төлөтүү үчүн чакыруу жолдой башташты. А бирок жыйынтыгында районго катталган унаалардын баары эчак эле башка аймактарга сатылып же тетикке колдонулуп кеткен болуп чыгууда.

Серепчилердин пикиринде мындай баш аламандыкка мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун 2012-жылы чыгарган токтому себеп. Анда унаалар үчүн ишеним кат жана каттоо жоюлган.Бул абал качан жөнгө салынары белгисиз. Ага чейин унаа ээлерине жоопкерчилик жүктөлүп, салык төлөө милдеттендириле берет.