“Достук кербени Бишкек Түркстан” аталышындагы жарманке өтөт
Новость

POST1RIGHT27-августтан 27-сентябрга чейин Түркстанда “Достук кербени Бишкек Түркстан” аталышындагы кыргыз казак жарманкеси өтөт. 

Ага соода тармагында иштеген кыргызстандык ишкерлер катышмакчы. 

Уюштуруучулардын айтымында бул жарманке ишкерлердин коңшулаш өлкөнүн базарына чыгышына чоң мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, “Алтын Булак” базары Бишкектен 670 чакырым алыстыктагы Түркстанда жайгашкан. Ал ири базарлардын катарында. Маалыматтар боюнча кардарларынын саны миллионго чамалайт.