Россиянын аймактарындагы 200гө жакын жерде токойлор өртөнүп жатат
Новость www

Россиянын аймактарындагы 200гө жакын жерде токойлор өртөнүп жатат. Жалпы 600 гектар аянтты тилсиз жоо жалмап кетти. 

Якутияда абал оор болуп, жарым миллион гектар жер күйүп кетти. Якутия, Марий Эл, Мордовия, Свердлов, Челябинск жана Сахалин облустарында мындан сырткары Чукоткада өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мордовияда жаратылыш коругундагы өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүү кызматкерлери менен аскер кызматкерлери жалпысынан 50 адам оттун туткунунда калып калышты. Бирок бир нече саатын ичинде адамдар куткарылды жана жабыркагандар болгон жок.