Август айынын башында Казакстандын интернет-провайдерлери кыргызстандык кесиптештерине бааларды жогорулата турганын эскерткен. Эгер интернет жогоруласа Кыргызстанда интернет байланышы эки-үч эсеге кымбаттаганы турат.
Ата мекендик интернет провайдерлери маселени чечүүнү өтүнүп, өкмөткө коңгуроо кагууда. Мамлекеттик мекеме абалды жөнгө салуу максатында Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөргө барганы жатат.
POST1RIGHT Интернет баасы кымбаттайт деген кабар чоң талкууга жем таштады. Мурдагы төгүмдөн эки-үч эсе кымбат төлөйт экенбиз деп кабатыр болгон колдонуучулар да элди интернет менен камсыз кылган компаниялар да азыр эки анжы ойдо турат. Ал ортодо социалдык тармакта да талкуулар күч алды. Арасында интернет үч эмес, төрт эсе кымбаттайт деген пикирлер бар.
Кытайдан интернет сатып алуу Кыргызстан үчүн ыңгайсыз. Анын үстүнө көп каражат коромжу болот. Бул албетте экономикага да чоң сокку. Мындан улам Казакстан интернеттин жалгыз булагы. Адистер маселеден чыгуунун бирден-бир жолу жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл деп эсептейт.
Учурда өкмөткө караштуу маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет интернет маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мекеме жакынкы күндөрү Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылганы турат.
Маалыматтар боюнча Кыргызстандын 79 % калкы интернет кызматын колдонот. Азырынча баалар канча чен өлчөмдө бекитилээри жана Казакстан тарап кандай жооп кайтараары арсар.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118