Жарандар эми турак жай, жер жана унаа салыктарын Калкты тейлөө борборлору аркылуу да төлөсө болот
Новость www

Жарандар эми турак жай, жер жана унаа салыктарын Калкты тейлөө борборлору аркылуу да төлөсө болот. Бишкек шаарындагы төрт Калкты тейлөө борборуна кошумча салыктарды кабыл алуу бөлүмдөрү ачылды. Анда салык кызматкерлери 2-сентябрга чейин салыктын бул түрлөрүнүн төлөмдөрүн кабыл алышат. Мындан сырткары шаардыктар ыңгайы үчүн салык башкармалыктары дем алыш жана майрам күндөрү да кечки сегизге чейин иштейт.