Салык кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү
Новость www

Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөндүгүн билдирет. 

Алсак, 2021-жылдын 23-августуна карата карата салык кызматынын 1351 кызматкери вакцинациядан өткөн, бул иш жүзүндөгү санынын 55,4% түзөт. Анын ичинен 1292 -аймактык салык органдарынын кызматкерлери жана 59 - борбордук аппараттын кызматкерлери.

Белгилей кетсек, вакцинация жүргүзүү өнөктүгүнүн алкагында борбордук аппаратта жана ведомствонун аймактык башкармалыктарында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммундаштыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.