Талас шаарында акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды
Новость www

Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жана СССРдин Эл артисти, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракесине арналган акындардын айтышы жыйынтыкталды. 

Республикалык Айтыштын финалдык бөлүгү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрында өттү. Алгач 44 акындын катышуусунда Бишкекте башталган айтыштан 16 акын алдыга чыгып, Таласта өткөн айтышка жолдомо алса, бул айтышта финалдык беттешке 8и озуп чыгып, алардын мыктылары сыйланды. 

Жыйынтыгында 69 упай менен алдыга чыккан Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болуп 200 миң акчалай сыйлык жана атайын диплом менен сыйланды. 1-орун Азамат Болгонбаев, 2-орун Асылбек Маратов, 3-орунду Жылдызбек Төрөканов алды. Эми алар 30-31-августта Бишкекте өтүүчү эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышына катышат.