Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз отурумуна катышты
Новость www

Президент Садыр Жапаров 23-августта, орус тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты.
Кезексиз отурумга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты. Тараптар Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын белгиледи.