Токтогулда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү
Новость www

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте район борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Үч-Терек айыл аймагында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Алар милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришип, сунуштарын угушту.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, жугуштуу оорудан сактануу керектиги эскертилди.

Мындан сырткары жарандарга ыңгайсыздык жаратып тилемчилик менен алектенгендерди аныктоо иш-чарасы болуп өттү.