Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтөт
Новость www

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. 

Элчиликтин маалыматына ылайык, маданий иш-чараны Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги менен Анкара шаарынын мэриясы биргеликте уюштуруп жатат. Сүрөт көргөзмөсү 23-28-август күндөрү Зафер чаршысынын Көркөм сүрөт галереясында өтүп, баардык каалоочулар чакырылат.