Кожомкул атындагы спорт ортосунда бал жарманкеси өтүүдө
Новость www

Жыйырма жылдан бери уюштурулуп келе жаткан жарманкеге катышууга өлкөбүздүн он бир мыкты балчысы тандалып алынган. Мында деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктиктеги тоо гүлдөрүнөн чогултулган курамында антибиотик жок нукура балдын жүздөн ашык түрү коюлган. 

Бул жарманке колдонуучуларга бал өндүрүүчүлөрдүн өз колунан,эч кандай ортомчусуз таза азыкты алганга мүмкүнчүлүк берет.Жарманке 29-августка чейин созулмакчы.