Өлкөгө Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин келди
Новость www

Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин келди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.