Жарым жылда республика боюнча 979,2 миң тонна сүт өндүрүлдү
Новость www

Ушул жылдын жарым жылында республика боюнча 979,2 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматында өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 19 миң тоннага, же болбосо 2 пайызга көп экендиги айтылат. Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,2 кг көбөйүшү менен байланыштуу.