АКШнын аба күчтөрүнө таандык C-17 Globemaster III жүк ташуучу учагы Кабулдан 640 оогандык качкынды алып кетти. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты.
"Учак мынчалык көп кишини сала алмак эмес, бирок ооган качкындары уруксатсыз аэродромго басып кирип, учактын ичине киргенге жетишкен. Экипаж оогандыктарды мажбурлабоону жана борттогу бардык адамдар менен учууну чечкен", - деп айтылат билдирүүдө.