КРнын президентинин архиви 15 жылдык мааракесин белгилөөдө
Новость

POST1RIGHTӨлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын утурлай Кыргыз Республикасынын президентинин архиви да 15 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул убакыт тарых үчүн көз ирмем болгону менен президенттин архивинде турган өлкө үчүн маанилүү документтер улуттун чоң байлыгы жана элибиздин басып өткөн тарыхы. 

Мекеме президенттин жана аппаратынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү баардык документтерди талапка ылайык сактайт. Учурда 90-жылдан тартып азыркы учурга чейинки өлкө башчысынын жана аппарат жетекчисинин ишмердүүлүгүнө таандык болгон документтер санарипке көчүрүлүп жатат.